Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 78/19/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Люксембург айыл аймагынын 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана Люксембург айыл аймагынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Люксембург айыл аймагынын 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана Люксембург айыл аймагынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Люксембург айыл аймагынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |