Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 79/19/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Киршелк айылында кичи футбол талаасын курууга түрткү берүүчү грант долбоору боюнча акчалай каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылда “Киршелк айылында кичи футбол талаасын куруу” долборуна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин Ысык-Ата району боюнча бөлүмүнө үлүштүк каржылоону карап беруугө өтүнүч кат жөнөтүлсүн, ошондой эле долбоордук-сметалык документтерге ылайык 25% өлчөмүндөгу салымды Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 875 650 (сегиз жүз жетмиш беш миң алты жүз элүү) сомду кошооруна кепилдик берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комисиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |