Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 80/19/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Байтокоеванын Люксембург айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча Комиссиясын түзүү, бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча Комиссиясынын Типтүү жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча Комиссиясы түзүлсүн.
2. Люксембург айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча Комиссиясынын Жобосу бекитилсин.
3. Люксембург айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча Комиссиясынын курамында төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Кожонов А.А. – аксакалдар сотунун төрагасы;
- Исроилов Тошболта Сатторович – Люксембург айылдык кеңешинин депутаты;
- Кадыркулов Фархад Эсенович - Люксембург айылдык кеңешинин депутаты;
- Зайнуллаев Көлбай Тумарбекович - Люксембург айылдык кеңешинин депутаты;
- Борокчиев Кайрат Бактыбекович – Люксембург айыл өкмөтүнүн АС жана ПС инспектору.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |