ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 83/19/27
«Муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары жөнүндө»
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18,19,62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 21.12.2018-жылдагы №07/3209 катына ылайык Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл аймагында муниципалдык ишканасынын акы төлөө кызматтары үчүн төмөндөгүдөй тарифи коюлсун:
- экскаватор кызматы – 1200 (бир миң эки жүз) сом 1 саат иши үчүн;
- ЗИЛ-130 унаасынын кызматы – 1000 (бир миң) сом 1 рейси үчүн;
- айыл аймагынын чегинен тышкары чыгышына, жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарынын көлөмүнө жараша акы төлөсү коюлсун
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |