Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 83/14-27
«2015-2018-жылдардагы калкты коргоо улуттук стратегиясынын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө” маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңеш Ак-Кудук айыл өкмөтү бул багытта белгиленген иштерди жүргүзүп жатканын белгилейт. Айыл өкмөтүнүн каттоосунда соц.паспорту бар 20 аз камсыз болгон үй-бүлө турат. Үйлөрдү кыдыруу жүргүзүлүп, жыйынтыгында тиричилик минималдуу керектөөсү өтө төмөн экендиги аныкталган. Жыл сайын калктын социалдык жакыр катмарынын банк берилмелери жана санариптик банкы жаңыртылып турат. 2018-жылы жарандардын арыздары боюнча 95000 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлгөн.
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З.Муратованын «2015-2018-жылдардагы калкты коргоо улуттук стратегиясынын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси ишин улантсын:
- тиричилик минималдуу керектөөсү төмөн үй-бүлөлөрдүн берилмелерин чогултууну жаңыртуу боюнча;
- КРнын «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө калкка өз учурунда маалымат жеткирүү;
- оор турмуштук абалга кабылган балдарды аныктоо;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, тартип сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев |