Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-ноябры № 14/12-27
Сын-Таш айыл аймагында 5760 га айдоо аянты бар. Анын ичинде 5270 га сугат жер,490 га кайрак жер бар, көп жылдык жемиш бактары 105 га, жайыттар 9096 га түзөт. Кайра бөлүштүрүлүүчү айыл чарба жерлеринин фондусу жалпы жонунан 1434 га түзөт, анын ичинен 1089 га сугат жерлери, 310 га кайрак жерлер жана 26 га көп жылдык бактары, 9 га залеж жер бар.
Айыл аймагында СК “Бириккен” 465 га, СК “Рот-Фронт” 145 га, 946 дыйкан-фермердик чарбалары 4517 га жерди ээлешет.
Сын-Таш айыл аймагында 2 суу колдонуучулардын ассоциациясы АВП “Жетиген-Суу”, “Өтөгөн-Суу” дыйкандардын талааларын сугаруу үчүн суу менен камсыз кылышат. Аты аталган уюмдар жамааты менен ички каналдардын жарылган, тешилген жерлерин жамап тазалап иретке келтиришти, дыйкандар талааларды сугаруу үчүн шарттардын баары түзүлгөн. АВП “Жетиген-Суу” 3210 га жерди суу менен камсыз кылышат. АВП “Өтөгөн-Суу” 2225 га жерди суу менен камсыз кылышат. Сугат каналдарынын жана дыйкандардын талаалары сугарыла турган каналдарды тазалоо, ремонт иштерине жана жумуштарына 90 000 сом акча каражаты жумшалды.
2 ассоциациянын тең райондук суу чарба башкармалыгына, салык инспекциясына жана кызматкерлердин айлыктары боюнча карыздары жок.
2018-жылга карата-жүгөрү 643 гектар, арпа, буудай- 945 гектар,кызылча- 190 гектар, жащылча- 55 гектар, картошка 195 гектарга себилген.
2018-жылы келишимдеринин мөөнөтү бүткөн мамлекеттин фонду жерлерин кайрадан аукцион аркылуу ижарага берүү пландаштырылган.Жогоруда баяндалгандардын негизинде,Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Сын-Таш айыл аймагында Агрардык саясат жөнүндө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу башкы адис Э.А.Иманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Пайдаланылбай калган жерлердин аянтын кыскартуу боюнча иш-чаралар көрүлсүн.
3. Дыйкандарга жана фермерлерге Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү Башкармалыгынан консультативдик кеп-кеңештерди, семинарларды өткөрүү иштери улантылсын.
4. Ижара келишимдеринин мөөнөттөрү бүткөн мамлекеттин фонду жерлерин кайрадан аукцион аркылуу ижара келишимдери түзүлсүн.
5. Жогорудагы токтомду көзөмөлгө алуу иштерин өзүмө калтырам.
Төрага | З.М. Аширбаев |