Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-ноябры № 15/12-27
Калкты медициналык жактан сапаттуу тейлөө жана оорулардын алдын алуу, калк үчүн эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн 1 оорукана, 5 ФАП кызматтарын көрсөтүүдө. Жугуштуу оорулар жөнүндө маалымат, аларды алдын алуу иштери дайыма ҮДТ, ФАП башчылары менен жургузулот. Кыргыз Республикасынын калкты туберкулуз оорусунан сактоо мыйзамынын негизинде профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Туберкулез менен жаны катталган бейтапттар 2 ай туберкулез диспансерде дарыланып 4 ай фтизиатр Жана ҮБ дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, дары- дармек менен бекер камсыз болот. ҮБДТ ымыркайлардын ден соолугун өзгөчө көңүл бөлөт. Төрөт үйүнөн чыккандан кийин көзөмөл уланууда. Иммуно-профилактикалык иштер улуттук эмдөө календардын негизинде өткөрүлөт. Ымыркайларды эне сүтүн эмизүү пропаганда саясаты дайыма жүргүзүлөт. Бир жашка чейинки балдар ай сайын медкароодон өтүп турушат. Уюштурулбаган калк арасында жыл сайын профилактикалык кароо өткөзүлөт. Жана ошондой эле мектеп курагындагы өспүрүмдөр медкароодон жылына бир жолу текшерүүдөн өтөт. Алардын арасында ден соолукту чындоо. Жеке гигиенаны сактоо, сергек жашоо, баңги заттардын жана алкоголдун зыяны ошондой эле жыныстык жугуштуу оорулар жөнүндө маектер жүргүзүлөт.
ҮБД тобунун жана ФАПтардын телефон байланышынын ремонтуна-10400 сом жана электр энергияга-44800 сом жергиликтүү бюджеттен которулган.
Жетиген айылынын ФАПтын тегерек-четин тосуп жана даараткана салуу үчүн материал жана жасалган жумуштар үчүн бюджеттен-146296 сом чыгымдалган.
Ак-Сай айылынын ФАПы толук ремонттон өткөрүлдү.Терезеси, полу толугу менен алмаштырылды, ремонттолду, суммасы-119715 сомду түздү.
Айыл аймактагы Кызыл-Арык, Тельман, Ак-Сай, Жетиген, Отөгөн айылдарындагы ФАПтарга медициналык талаптарга ылайык, какырык чогултулуучу жайга материалдар жана жасоо жумуштарына-18611 сом бюджеттен чыгымдалды.
Айыл өкмөтү тарабынан Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата “Сулейман” кафесине майрамдык иш-чара өткөрүүгө карата 8 мед персоналга -9600 сом которулуп берилген. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Үй-булөлук дарыгерлер тобунун жетекчиси Шаршеева К.Ш.. маалыматы эске алынсын.
2. ФАПтардын башчылары жеке жана дыйкан чарба мучөлөрүн, механизаторлорду, окуучуларды медициналык кароодон өтөорүүнү уюштурушсун.
3. ҮБДТ калк арасында жугуштуу инфекциялык ооруларга жана туберкулезго, бруцеллезго каршы профилактикалык иштерди жүргүзүшсүн.
4. Ден-соолук комитеттериниин иштеши үчүн шарттар түзүлүп берилсин.
5. Маалымат жылдын жыйынтыгы менен берилсин.
6. Жогорудагы токтомду көзөмөлгө алуу иштерин өзүмө калтырам.
Төрага | З.М. Аширбаев |