Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-ноябры № 17/12-27
Сын-Таш айыл аймагында 4 орто мектеп, 1 башталгыч, 1 толук эмес орто мектеп бар.
Жаңы окуу жылы үчүн бардык мектептерде ремонт иштери жүргүзүлгөн жана ремонт иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен-42900 сом чыгымдалган.
Мектептерге көмүр алып берүү боюнча тендер өткөрүлгөн-жалпы суммасы-1436,400 сомго 342 тонна үчүн.
К.Курманов атындагы орто мектепке-11475 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Бул мектепке МЕРСИ Конун жардамы менен 1-4-класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздандыруу максатында көптөгөн иштер аткарылды. Сын-Таш айыл өкмөтү тарабынан ашкананын ремонтуна 56740 сом жана 18740 сомго ашкана идиштери сатылып алынып берилди.15.09.2018-жылдан баштап, 1-4 класстын окуучулары ысык тамак менен камсыз болушат.
К.Шакиров атындагы орто мектепте толугу менен ремонт иштери жүргүзүлдү.
Иса Байбеков атындагы орто мектеби республикалык бюджеттен толугу менен каржыланып, ачылуу астында турат.
С.Джекшенбаев атындагы башталгыч мектеп дагы өзүлөрү, демөөрчүлүк менен толук кандуу ремонттон өткөрүлгөн. Кабинеттердин жасалгаланышы, окуучулар үчүн тарбиялык жактан мааниси зор, эстетикалык жактан жакшы жасалгаланган.
3135 сом сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.
Д.Мамашева атындагы орто мектептин ремонтуна жергиликтүү бюджеттен-11530 сом бөлүнгөн жана каржыланган.Толугу менен ремонт иштери жүргүзүлгөн.
Ж.Алыбаев атындагы орто мектепте толугу менен ремонт иштери жүргүзүлгөн.Жергиликтүү бюджеттен-8455 сом чыгымдалган.Мектептердин жылуулук системалары кышка карата даяр, көмүр боюнча тендер өткөрүлүп, ташылып келинген.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде,Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Мектептердин ремонту боюнча маалымат эске алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жетиген башталгыч мектеби (директор Калиева Н.Ш..), К.Курманов атындагы орто мектеп (директор Иманалиева Ч.Б.) мектептердин ремонту боюнча чет өлкөлүк инвесторлор жана демөөрчүлөр менен иш алып баруудагы ийгиликтери белгиленсин.
3. Мектептердин ремонтунан кийин мебелдер, мектептеги окуу куралдар, лабораториялык жабдуулар, компьютердик класстар жакшы абалда сакталсын.
4. Жогорудагы токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу иштери мектеп директорлоруна жана социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлөт.
Төрага | З.М. Аширбаев |