Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 94/XXVIII - 2
“САЖ Кудайберген-жол” жоопкерчилиги чектелген уюмунун 2019-жылдын 12-февралындагы №01-4-69, “Жумадил” жоопкерчилиги чектелген уюмунун 2019-жылдын 4-мартындагы №7 “Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифин бекитип берүү жөнүндө” кайрылууларын, №334 “Бишкек-Кайыңды, №329 Кара-балта- Кайыңды багыттары боюнча каттамдардын жүргүнчүлөрдү ташуудагы өздүк наркын карап чыгып, аталган багыттар боюнча каттамдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “ “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарынын аймагынан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автоунааларга (маршруттук таксилерге) тарифтер төмөнкү тартипте бекитилсин:
-“Кайыңды-Бишкек” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 70 (жетимиш) сом ;
-“Кайыңды-Кара-Балта” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 25 (жыйырма беш) сом;
- Кайыңды шаарынын ички каттамы бир адам үчүн бир тарабына 10 (он) сом.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |