Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 73/XII-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Кант шаарынын мэри Э.Дж.Абдрахмановдун, Кант шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.К.Узбекованын “Кант шаарынын мэриясынын 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө” маалыматын угуп
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын “Кант шаарынын мэриясынын 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү”, маалыматы эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясынын 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнө 172580,3 (жүз жетимишэки млн. беш жүз сексен миң үч жүз) сом бекитилсин, анын ичинен:
- бюджеттик каражат 165280,3 (жүз алтымыш беш млн. эки жүз сексен миң үч жүз) сом;
- атайын каражат 7300,0 (жети млн. үч жүз миң) сом.
3. Кант шаарынын 2020-2021-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу жактырылсын.
1) 2020-жылга кирешенин жана чыгашанын божолунун суммасы 187973,6(жүз сексен жети млн. тогуз жүз жетимишүч миң алты жүз) сом, 2021-жылдын божомолунун суммасы 204426,6 (эки жүз төрт млн. төрт жүз жыйырма алты миң алты жүз) сом.
2) Шаардын бюджетинин 2020-2021-жылдарга карата болжолдонгон параметрлерин кабыл алууда конкретүү мезгилге жараша такталып турууга жатат.
4. Кант шаарынын бюджетинин 2019-жылга карата бөлүмү такталсын жана 2020-2021-жылдарга бюджетин болжолдорунун түшүү булактары №1-тиркеменин негизинде түзүлсүн.
5. 2019-жылга чыгашаларды каржылоо шаардык боюджеттин эсебинен 2-11-тиркемелерге ылайык аныкталсын.
6. 2019-жылга чыгашаларды каржылоо так алынган кирешелердин чегинде аныкталсын. Аны менен катар, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар(эмгек акы, социалдык фондго төлөмдөр, дары-дармектер, тамак-аш) жана коммуналдык төлөмдөр каржылансын.
7. Штаттык сандагы бош орундардын азайып же көбөйүшү муниципалдык мекемелерде кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу корголгон беренелердин чыгашалары азайып, же көбөйүшү мүмкүн.
8. Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги муниципалдык мекемелерге жана уюмдарга жүктөлсүн.
9. 2018-жылдагы толук каржыланбай алган чыгашалар 2019-жылдын бюджетинде каралган, бөлүнгөн каражаттардын чегинде компенсациялансын.
10. 2019-жылга шаардык бюджетке салык агенттери тарабынан төлөнгөн пландуу киреше салыгынын бөлүнгөн чегерим 70% өлчөмүндө, сатуусалыгынан 50%, жердин астын иштетүүдөн (алтын, нефть, газды иштетүүнү алып салганда) түшкөн салык 50% менен бекитилсин.
11. Муниципалдык мекемелердин кирешелери, бюджеттик каражаттарынан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар толугу менен шаардык бюджеттин карамагында караштырылсын.
12. Муниципалдык уюмдарга мекемелерге бюджеттик жана атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын .
13. Кант шаарынын мэрине ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешеден чыгашанын көп болушуна байланыштуу 2019-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен берилсин.
14. 2019-жылга шаардык бюджеттин жалпы көлөмүнүн 1%га чейинки чекте Кант шаардык мэринин резевдик фонду 600,0 (алты жүз миң) сом суммасында түзүлсүн.
15. Кант шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык өнүгүү бөлүмүнө шаардык бюджетин аткаруу процессинде киреше бөлүмүн ашык аткаруудан түшкөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти койгон социалдык маселелерди чечүүгө мамлекеттик жана улуттук программаларын ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын токтомдоруна, райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык кеңештин жана шаардык мэриянын токтомдоруна муниципалдык кызматкерлердин сыйлоого демилге берүүгө, коммуналдык тейлөөлөрдөгү карыздарды төлөөгө, керек болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга, ЖӨБОна убактылуу каржылык жардам берүүгө жана башка чыгымдарды жумшоого каралсын.
16. Кант шаардык мэриясынын каржы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмү Кант шаарынын мэри Э.Дж.Абдрахмановдун макулдугу менен Кант шаардык кеңешинин жана Кант шаардык мэриясынын кызматкерлерине жыл башында бош калган каржы каражаттарынын эсебинен 5 айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акы (жарым жылдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча Нооруз, КРнын Эгемендүүлүк Күнү, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин Күнү) төлөп берүү каралсын.
17. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-тиричилигин жакшыртуу максатында арыздын келип түшүшүнө карата жана турмуш-тиричилиги изилденгенден кийин 1000 (бир миң) сомдон 10000 (он миң) сомго чейинки эсеп материалдык жардам көргөзүлсүн, катаал турмуш шартта каржылоо шартка жараша көбөйтүлсүн.
18. Кант шаарынын мэриясы мектеп алдындагы жайкы лагерлерди уюштурууга 2019-жылдын башында калган эркин калдыктардын эсебинен 400 (торт жүз) миң сом бөлүп берсин.
19. Калк менен жакшыртуу, санитардык тазалоо маселелери боюнча иш алып барууга көмөктөшкөнү үчүн, шаардын коомдук жашоосуна катышкан аймактык өзүн-өзү башкаруу органынын жетекчилерине, аксакалдар сотунун төрагасына жана мүчөлөрүнө ай сайын келишимдин негизде сыйлоо көрсөтүлүп турсун. (№12-13-тиркеме).
20. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу Кант шаарынын мэриясынын аппараты үчүн алынган “Тойота Кэмри” маркасындагы №5577 SK мамлекеттик номерлүү автоунаасы шаардык кеңештин аппаратына күйүүчү-майлочуу майлары менен 100% жана керектүү запастык бөлүктөрү жана ошондой эле башка транспорттук тейлөөлөрү менен 2019-бюджеттик жылга пайдаланууга берилсин.
21. Башкы адис-юрист (Токтосунова С.) автоунааны Кант шаардык кеңешине убактылуу аппаратына колдонууга берүү боюнча мыйзам-жобого ылайык тиешелүү документтерди даярдасын.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кант шаардык мэрине шаардык бюджеттин эсебинен сыйлоо жана кызматтык эмгек акыны бекитүү, муниципалдык кызматкерлерге жана шаардык мекемелердин, муниципалдык уюмдардын жумушчуларына кошумча эмгек акы чектөө укугу сакталсын.
23. Кант шаардык мэриясы 2019-жылдын башында калган эркин калдыктардын эсебинен 170,1 (жүз жетимиш миң жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын №5-КОМнин өндүрүштүк билим берүү чеберлерине 2019-2020-жылга кошумча маяна катарында бөлүп берсин.
24. Кант шаардык мэриясы 2019-жылдын башында калган эркин калдыктардын эсебинен Кант шаардык кеңешинин жана Кант шаарынын мэриясынын кызматкерлерине төмөнкү базалык ченде 5 (беш) миң сом өлчөмүндө ай сайын төлөөгө акча каражатын бөлүп берсин.
25. Мэриянын жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин ишине түрткү берүү максатында тамак-ашка 150 (жүз элүү) сом күнүнө жана байланыш үчүн 200 (эки жүз) сом айына 2019-жылдын башында калган эркин калдыктын эсебинен төлөп берүү жүргүзүлсүн.
26. Кант шаарынын мэриисы 2019-жылдын башында калган эркин калдыктан маданият кызматкерлерине айына 3,0 (үч миң) сомдон төлөп берсин.
27. Кант шаарынын мэриясы 2019-жылдын башында калган эркин калдыктан Кант шаарынын мэриясынын архивариусуна төмөнкү базалык ченде 5,0 (беш миң) сом жана тамак-ашына күнүнө 150 (жүз элүү) сом бөлүп берсин.
28. Кант шаардык кеңешинин чечиминин негизинде Кант шаардык мэриясына 2019-жылдын башында калган бюджеттик эркин калдыктарды керектөө чегинде колдонууга руксат берет.
29. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |