Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 82/XII-27
Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине, ҮБДТ жана ММ “Кант тазалык” кызматкерлерине, бир мезгилдүү материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Кант шаардык Кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2018-жылдын башында бюджеттик каражаттын эркин калдыгын эсебинен Кант шаарындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептик эмес мекеме кызматкерлерине, балдар музыкалык мектебине, ҮБДТ жана ММ “Кант Тазалык” кызматкерлерине, бир мезгилдүү материалдык жардам берүү үчүн 3,400 (үч миллион төрт жүз) миң сом акча каражаттын тизмеге ылайык бөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |