Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-марты № 27/21-4
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана жаштар уюмунун кайрылуусун карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лиман жакка кеткен жолдун боюндагы куураган 47 түп теректерди жаштар уюмуна кыйып алуу үчүн берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн башчысы Т.Кубат уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курорттук зонаны өркүндөтүү, туризм, экология, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар иштери, социалдык маселелр жана этика комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага | Окенаев Т.М |