Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 02
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы киреше бөлүгүнүн 8520,2 миң сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгүндө 8520,2 миң сом бөлүгүндө белгиленсин.
2. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактарынан тураары белгиленип аныкталсын.
4. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин накталай кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү № 3тиркеменин негизинде бекитилсин.
5. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык белгиленип аныкталсын.
6. 2019-жылга Айдаралиев айыл өкмөтүнүн чыгашасынан тышкары өздүк чыгымдан резервдик фонд № 5 тиркемеге ылайык түзүлсүн.
7. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору № 6 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
8. Айдаралиев айыл аймагындагы “Көпүрө-Базар“ балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каражаттын киреше бөлүгү 650,5 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.Айдаралиев айыл аймагындагы “Көпүрө-Базар” балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү каража атайын каражаттын негизинде көзөмөлгө алынсын.
9. КР нын каржы министирлиги тарабынан Айдаралиев айыл аймагынын 201999999-2020-2021-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү долбоору бекитилсин.
10. КР нын кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана мыйзамдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
- Жер салыктары Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде бекитилсин.
- Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде бекитилсин.
- Транспорт ээлеринин алынуучу салык,менчик автоунаалары жана жарандыгы жок жактар салык төлөөөчү болуп эсептелинет.
- Салык чегерүү обьектиси жана өлчөмү КР нын салык кодексинин 198-беренесинин негизинде жүргүзүлсүн.
11. Айдаралиев айыл аймагынын мекеме-уюмдарынын жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө,статьядан статяга жана чейректен чейрекке жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Айдаралиев айыл кеңешинин экономика бюджет жана агрардык маселелр боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Айдаров |