Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 80
Каргалык айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Даткаев Ильичбектин Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019- жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн жана штат бирдигин бекитүү жөнүндө долбоорун жана Каргалык айыл өкмөт башчысы М.Акматбековдун депутаттардын берген суроолоруна жообун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 17332,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 17332,9 мин сом суммасында №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2- тиркемеге ылайык жактырылсын.
2019-жылга 17332,9 мин сом суммасында,
2020-жылга 20054,9 мин сом суммасында,
2021-жылга 22786,9 мин сом суммасында.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3-тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга 17332,9 миң сом суммасында такталган №4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1% 153,2 миң сом суммасы 16.05.2016-жылдагы №60 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 1-бөлүмүнүн 21-беренесине ылайык резервдик фонду бекитилсин.
6. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2019-жылга карата 22 (жыйырма эки) штаттык бирдик түзүмү, маданият тармагынын клуб кызматкерлеринин 3 (үч) штаттык бирдик түзүмү, китепкана кызматкерлеринин 3 (үч) штаттык бирдик түзүмү №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде 2019- жылдын бюджетинен акча каражаттары № 6-тиркемеге ылайык бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
8. Бюджеттик аткаруу процессинде кошумча жергиликтүү бюджетке түшүүчү 3 000,0 миң сом суммасына акча каражаты планга кошумча тактоо жана өз убагында артыкчылыктуу (приоритеттүү) чыгымдардын каржыланышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
9. Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып корголуучу беренелерге 4 553,7 миң сомдук акча каражаты максаттуу трансферттердин эсебинен республикалык бюджеттен каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
10. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц. фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электро энергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б.) жүргүзүлсүн.
11. Бюджетте каралып жаткан акча каражаттарын өз мөөнөтүндө кароо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
12. Каргалык айыл өкмөтүнөн 2019 - жылга бюджетине кошумча киреше булактарын табууга жана толуктоого карата Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы иш жүргүзүп жаткан ишканалардан жана акиташ, туз, кызыл кум, шагыл алынуучу карьерлерден, «Таза Сууга» счетчик коюу боюнча, ветеринардык кызмат көрсөтүүдөн, юридикалык жактардан түшкөн салыктардан мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрү толугу менен такталып, убагында бюджетке түшүрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн салык башчысы Акматова Таалайкүлгө милдеттендирилсин.
13. Кыргызалтындын балансасындагы айыл чарба багытына арналбаган жерлерден салык түшүрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн салык башчысы Акматова Таалайкүлгө милдеттендирилсин.
14. 2019-жылда курулуш, сатып алуу келишимдерин жана кабыл алуу актыларынын сапаттуу болушу үчүн, ар дайым комиссиянын түзүлүшүн жана өткөн жылдардан калган жумуштардын аткарылышына толук көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
15. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
16. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана ФЭБ дин башчысы Э.Кашкариевага жүктөлсүн.
17. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |