Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 3
Каргалык айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Даткаев Ильичбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруу тармагынан 2215 ар кандай чыгымдар беренесине 356,4 миң сом, 2222 чарбалык беренесине 26,0 миң сом, 2823 соттук аткаруу барагы беренесине 229,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине 100,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Мектептер тармагынан 2222 чарбалык беренесине 11,0 миң сом, 2221 учурдагы оңдоо беренесине 12,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине 150,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Бала-бакча тармагынан 2222 чарбалык товар беренесине 22,2 миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Жалпы 906,6 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
5. Атайын каражаттын башкаруу тармагынан 2215 беренесине 51,4 миң сом бөлүнүп берилсин.
6. Бала-бакча тармагынан 2218 тамак-аш боюнча беренесине 550,7 миң сом бөлүнүп берилсин.
7. Таза кызмат муниципалдык ишканасынын ар кандай чыгым 2215 беренесине 1,3 миң сом бөлүнүп берилсин.
8. Жалпы атайын каражаттан 603,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Каргалык айылдык кеңешинин токтомдорун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп турууга кеткен чыгымдарын өз убагында камсыз кылып туруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
10. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
11. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
12. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | Н. Жолокеев |