Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 6
Каргалык айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Даткаев Ильичбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына жер казынасын пвйдалануу укугуна лицензия кармоо акы 14151200 беренесине 2 400,0 миң сом отургузулсун.
2. Башкаруу тармагынын чыгаша боюнча планына 211 эмгек акы беренесине 330,8 миң сом, ал эми 221 ар кандай чыгымдар беренесине 8,2 сайтка миң сом, өздүк салым үчүн 758,5 миң сом, суу чыгарууга 76,0 миң сом, 223 коммуналдык чыгым беренесине электр энергия үчүн 114,6 миң сом, жалпы башкаруу тармагына 1288,1 миң сом бөлүнүц берилсин.
3. Мектептер тармагынын чыгаша боюнча планына 223 коммуналдык чыгым беренесине электр энергия үчүн 605,3 миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Бала -бакча тармагынын чыгаша боюнча планына 223 коммуналдык чыгым беренесине электр энергия үчүн 506,6 миң сом бөлүнүп берилсин.
5. Жалпы жергиликтүү бюджетке келип түшкөн 2 400,0 миң сом чыгаша бөлүгүнө бөлүнүп берилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
8. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |