Редакцияот 05.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХII сессиясы

 

2019-жылдын 5-марты № 7

Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Каргалык айыл өкмөтүнүн 24.01.2019-жылдагы № 73-катын карап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Каргалык айыл өкмөтү менен Тогуз-Торо райондук статистика бөлүмүнүн 24.01.2019-жылы түзүлгөн келишими бекитилсин.

2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана ФЭБ башчысы Э.Кашкариевага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы

Р. Жунусакунов