Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 11
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын 2018-жылдагы аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга такталган план 32035,1 мин сом, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан такталган план 25942,3 сом болуп, ал эми иш жүзүндө 25946,1 миң сомго, же болбосо 100 % , тактап айтканда 3,8 сомго ашыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин чыгаша бөлүгү план боюнча 26884,4 миң сом болуп кассалык чыгым 25778,7 миң сомду түзүп, 95,9 % аткарылгандыгы белгиленсин.
4. МТС муниципалдык ишканасынын Уставына ылайык финансылык жактан көзөмөл жүргүзүп, отчеттуулугун алып туруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Э.Кашкариевага тапшырылсын.
5. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл аймактын аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардын мыйзамдын талабына ылайык киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүн толуктап, тактап өз убагында түшүрүп туруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго тапшырылсын.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевке милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |