Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 12
2018-жылда Каргалык айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн иштер тууралуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Акматбековдун 2018-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2018-жылга такталган план 32035,1 мин сом, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан такталган план 25942,3 сом болуп, ал эми иш жүзүндө 25946,1 миң сомго, же болбосо 100 % ке, тактап айтканда 3,8 сомго ашыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагына инвестиция тартуу айыл өкмөт башчысы М.Б. Акматбековго жүктөлсүн.
4. Жазгы айдап себүү өнөктүгүнө карата айыл чарба техникаларын даярдыгы боюнча көзөмөлдөө Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Каргалык айыл аймагында ветеринардык иштер боюнча элди тейлөөдө жакшы иш алып барбагандыктан М.Эстебесовко чара көрүү жагы М.Б.Акматбековго сунушталсын.
6. “Жырма” каналын тазалап, элди сугат суу менен камсыз кылуу жагы Тогуз-Торо райондук суу чарба башкармалыгына милдеттендирилсин.
7. Аймактагы курулуш иштерин көзөмөлдөп, сапаттуу бүткөрүп 2019-жылдын 01-сентябрына чейин өткөрүп алуу жагы Каргалык айыл өкмөт башчысы М.Б.Акматбековго жүктөлсүн.
8. XXIII сессиядагы айтылган сунуш-талаптар боюнча иш чара түзүп аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Акматбековго тапшырылсын.
9. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |