Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 13
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата карата стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясы төрагасы Базаркулов Толкунбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Каргалык айыл аймагында, 2019-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасы ишке ашырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш,экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Базаркуловго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |