Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 15
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» 26.01.2009-ж №30 мыйзамынын 5,6,10 беренелеринин, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009ж. №386 токтомунун негизинде Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата жайытты пайдалануу боюнча жүргүзгөн ишин жана 2019-жылга карата жылдык планын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга 339,4 миң сом план бекитилген болсо, иш жүзүндө 339,2 миң сом чогултулуп, 99,9% ти түзгөндүгү эске алынсын.
2. Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Каргалык айылдык кеңешинин жыл башында бекитип берген иш-планына ылайык иш аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери кемчиликтери менен канааттандырарлык деп табылсын.
4. Жайыт комитетинин төрагасы А.Апиевке кызматтык чара көрүү жагы жайыт комитетине сунушталсын.
5. Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата бир жылдык планы жана бюджети 587,8 мин сом, иш-чаралар планы, ЖПБ/ЖКнын ички тартип эрежелери, жайыт жерлерди пайдалануу келишими, жайыт пайдалануу акысы, жайыт акыны чогултуу графиги, элге кызмат көрсөтүү боюнча акылары (тарифтери) жана келишимдери бекитилсин.
6. Жергиликтүү маанилүү маселелерди чечүү максатында, элдин суроо-талабын эске алуу менен Колхоз убагында айдоо аянты болуп келген жерлерден, шатек участкасынан 100га, Тагай участкасынан 50га жалпы 150га жер башка максатка пайдаланууга (тоют топтоо үчүн) берилсин.
7. 2019-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- ири мүйүздүү малга – 50 сом;
- жаш бодого – 35 сом;
- кой, эчкилерге – 10 сом;
- жылкыга – 50 сом.
Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагына башка райондордон, айыл аймактардан келип ,келишим боюнча мал багуучуларга:
- ири мүйүздүү малга – 80 сом. кой, эчкилерге – 20 сом, жылкыга – 80 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу чөп чабынды, айдоо аянттарын коруп, малга талатып жибербөө үчүн 2019-жылдын 01-апрелден башталсын. Күзгү жайыт мезгили 15-ноябрда аякталсын. Жазгы жайыттарга которуу 10-20-апрелге чейин, алыскы жайыттарга 01-майдан 01-июнга чейин жүргүзүлсүн.
9. Айылдарда жана көчө-көчөлөр боюнча бадалар уюштурулуп, айыл ичинде ар бир кожолукта эки баштан ашык уй кармалбасын.
10. Каргалык айыл аймагындагы үч жүздөн ашык кой, элүүдөн ашык уй, элүүдөн ашык жылкысы бар чоң фермерлер жана көп мал алып баккан бадачылар алыскы Ак-Козунун белине, Кылдоонун белине, Бычан, Миң-Жылкы жайлоосуна чыгаруу колго алынсын.
11. Менчиктин түрүнө карабастан табигый эгилме жайыт жерлерин которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда конууга, мал жаюуга, ошондой эле айдоо аянттарын тийиштүү уруксат албастан мал айдап, ар кандай техникалардын түрлөрү менен тебелетип өтсө, жазында көрсөтүлгөн мөөнөттө көчүп кетпесе, 15-октябрдан мурун көчүп келип графикти, ички тартип эрежелерди бузса Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин талаптарына жана жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимге ылайык айып салынсын жана эскертилсин.
12. Жайыт жерлеринен тоют топтоодо комерциялык максатка пайдаланылбасын, тактап айтканда чөптү ашыкча чаап аны сатууга жол берилбесин жана көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Апиевке милдеттендирилсин.
13. Элдин муктаждыгын чечүү максатында Нарын областынын Ак-Талаа району узак мөөнөттүү пайдаланып келген (УДП) Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын «Бычан» өрөөнүнөн Кашка-Суу, Көк-Кыя, Көк-Суу, Корумду жана Бүркүт-Уя участокторунан жалпы 9080,3га жерлери кайтарылып алынсын.
14. Аталган жерлерди кайтарып алуу үчүн токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы аркылуу сунушталсын.
15. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Апиевге, Казарман айылынын айыл башчысына , Чет-Булак айылынын айыл башчысы Н.Балапановго, участкалык инспектор С.Буйлашовко, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү Ш.Садыкбаевге, М.Турдубековго милдеттендирилсин.
16. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
17. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |