Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 18
«Тазалык» турак-жай коммуналдык чарбасынын директору Ш.Турганбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, элдик жыйындын 26.03. 2019-жылдагы протоколун эске алып, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тазалык» турак-жай коммуналдык чарбасынын 2019-жылга карата Казарман айылынын ичиндеги таштандыларды чыгаруудагы кызмат көрсөтүү акылары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Газ-Саз-33 507 жана Газ-53 ВШК автомашиналары «Тазалык» турак-жай коммуналдык чарбасына оперативдүү башкаруу укугу менен өткөрүлүп берилсин.
3. Тагай участкасындагы таштанды төгүүчү жайы (мусорный полигон) «Тазалык» турак-жай коммуналдык чарбасына оперативдүү башкаруу укугу менен өткөрүлүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу «Тазалык» турак-жай коммуналдык чарбасынын жетекчиси Ш.Турганбаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |