Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 19
«Кыргызалтын» ААКнан лицензия кармоо үчүн түшкөн 600,0 миң сом акча каражаты боюнча «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына жер казынасынан пайдалануу укугуна лицензия кармоо акы 14151200 беренесине 600,0 миң сом отургузулсун.
2. Башкаруу тармагынын чыгаша боюнча планына 2215 ар кандай чыгымдар беренесине 100,0 миң сом, 3111 курулуш беренесине 160,0миң сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине 100,0миң сом, жалпы 360,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Мектеп тармагынын чыгаша боюнча планына 3111 курулуш беренесине 200,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
4. Бала-бакча тармагы боюнча 3111 курулуш беренесине 40,0 миң сом, жалпы билим берүү тармагына 240,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомду аткарууга жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |