Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 21
“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековдун маалыматын угуп жана талкуулап, элдин суроо талабын аткаруу максатында Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз - Торо районунда райондук деңгээлде мал базар Казарман айылына уюштурулсун.
2. Райондук деңгээлде мал базар уюштуруу жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |