Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты № 22
«Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Базаркуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо районунун тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен айыл аймактагы тарыхый-маданий мурастарды коргоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Ж.Кыдыров атындагы паркынын Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына арналып 1970-жылдары курулган эстеликти сүрөтчү-скульптор Аянова Герман жана скульптор-куруучу Михаил Иващенко кургандыгы эске алынсын.
2. Ж .Кыдыров атындагы паркынын Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстелике “Авторлор сүрөтчү-скульптор Аянова Герман жана скульптор-куруучу Михаил Иващенко “ деген маалымат тактасын илүүгө уруксат берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Базаркуловго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |