Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-февралы № 95
Кольцо станциясынын тургундарынын ФАПтын эски имаратын 50 балага ылайыкташтырылган балдар бакчасы катары пайдаланууга макулдук берүү боюнча кайрылган катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын 15.07.2011ж. №101 ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 6-4 пунктунун жана 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кольцо станциясындагы ФАПтын эски имаратын балдар бакчасы катары пайдаланууга макулдук берилсин
2. ФАПтын эски имаратын максаттуу пайдаланышын өзгөртүү (профилин өзгөртүү) боюнча мыйзамдаштыруу жагы Сүлүктү шаарынын мэриясына жүктөлсүн
3. Балдар бакчасын ачууга тиешелүү иш кагаздарын мыйзамга ылайык даярдоо жагы шаардык мэрияга жана шаардык билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К. Исмаилов |