Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 102/ХVI -27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын 2018-жылда аткарылышы жана 2019-жылга карата социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтнүн башчысынын Кочкорбаев айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын 2018-жылда аткарылышы боюнча берген отчету канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. Кочкорбаев айыл аймагынын 2019-жылга карата социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча планын аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |