Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 106/ХVI -27
Айылдык кенештин депутаты Ж.Беккуловдун каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумда Кенеш айылындагы китепкана жетекчиси Мира Айтпаевнанын кайрылуусун карап чыгышып, айлык акысын кошумча каражат төлөнбөй турганын билдирип, болгону 0,5 ставкада пол жуугуч кызмат ордун ачып берүүгө мүмкүн экендиги жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айылындагы китепкананын №2 филиалына 0,5 ставкада пол жуугуч кызмат орду берилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |