Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 107/ХVI -27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун суу пайдалануучулар ассосациялары талаага кеткен жолдорду ондоо иштерин аткаруу үчүн авто унаанын күйүүчү майларына акча каражатын бөлүп берүүнү сурап жаткандыгы тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу пайдалануучулар ассосацияларына – талааларга кетүүчү жолдорду ондоо иштерин аткаруу үчүн күйүүчү майына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Суу пайдалануучулар ассосацияларынын директорлору тарабынан жолдорду оңдоо боюнча аткарыла турган иш аракеттеринин планы айылдык Кенештин каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |