Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 109/ХVI -27
Айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кочкорбаев айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине Жааматтарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында самосвал алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен (софинансирование) кошо каржылоо үчүн акча каражатын бөлү берүү керектигин угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине Жааматтарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында самосвал алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен (соофинансирование) кошо каржылоо үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу “Бел-Булак” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р. Качкинбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |