Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 110/ХVI -27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун штаттык расписание боюнча ветеринардык адис кызматында иштеп жаткан Ислам Сулеймановдун кызмат ордунан өз каалоосу менен кетип жаткандыгын жана 2018-жылдан бери ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо иштерин жана малдарды базарга сатууга алып чыгуу үчүн күбөлүктөрдү берүү иштерин жеке ветеринардык врачтар аткарып жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн штатына ветеринардык врач кереги жок экендигин билдирип, бул кызмат ордунун структурасын өзгөртүп киреше боюнча адис кызмат орду кылуу тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин кызмат ордундагы структурасы төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн:
2. Ветеринардык адис кызмат орду- киреше боюнча адис кызмат ордуна өзгөртүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |