Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-марты № 111/ХVI -27
Айылдык Кенештин төрагасы А. Албекеновдун Кенеш айылынын тургундары А. Тойчубаев, А. Тойчубаев жана Э. Шекербековдор тарабынан түшкөн кайрылуусунун негизинде турмуш шарттары оор болгондугуна байланыштуу турак жай салууга кезексиз жер тилкесин берүү керектиги тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айылынын тургундары А. Тойчубаевге, А. Тойчубаевге жана Э. Шекербековго турмуш шарты оор болуп жаткандыгына байланыштуу турак жай салууга жер тилкеси кезексиз берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы жер боюнча башкы адис С. Адиковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |