Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-январы № 42/11-27
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 23- августундагы № 396 токтомуна Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода, жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контрольдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө токтомуна ылайык Бирдик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкы адис З.Осмонкулованын № 13 жана № 27 контурлардагы аянты 8000 кв.м. жер тилкесин (трансформация) которууга макулдашуу процедурасы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Ысык-Ата районундагы Бирдик айыл аймагындагы аянты 8000 кв.м. болгон жайыт жер тилкесин трансформация процедурасын “Айыл чарба категориясындагы жерлерди” “Өнөр жай , транспорт байланыш , коргоо жана башка дайындоолор” категориясына которуу процедуралары жүргүзүлсүн.
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төр агасы А.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Төрага | Щ. Мусахунов |