Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-ноябры № 1
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамыннын 14-беренесине ылайык, Көк -Арт айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынып, жүргүзүлсүн.
2. Токтомдор жалпы маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жана мыйзамдуулук, боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Энназаровко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Сатаров |