Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 6
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын бош калган калдык акча каражатынан Көл-Төр айыл өкмөтүнүн ХОВО автомашинасынын ремонтуна тетиктерди алуу үчүн каралган акча каражаты төмөндөгү иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлүнүп берилсин:
- Мектептердин электр энергиясына төлөөгө – 150000сом электр энергияга төлөмдөр беренесине;
- Эл жана турак-жай каттоо жумуштарына -50000сом башкаруу бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар беренесине которулсун;
2. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2019-жылы кабыл алынган бюджетинде АК катчысына эмгек акы жана соц фонд төлөмдөрү үчүн, АРИС программасына видео тартууга каралган акча каражаты төмөндөгү иш чараларга бөлүнүп берилсин:
- башкаруу бөлүмүнүн чарбалык буюмдарын алууга 14000сом;
- башкаруу бөлүмүнүн иш сапарлар беренесине 18005сом которулсун.
3. ХОВО автомашинасы “Агентство развития Тонского района” ишканасына ай сайын 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө ижара акысы менен ижарага берилсин.
4. ХОВО автомашинасы иш убактысында бузулган учурда оңдоо иштери “Агентство развития Тонского района” ишканасына милдеттендирилсин.
5. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | У. Мааткеримов |