Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 9
Айыл аймагында айдап себүү, таза суу, сугат суу жана жайыт тартибин камсыз кылуу жөнүндөгү айылдык жыйындардын протоколдорун карап жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында корук 1-майдан башталсын, жайлоого көчүп кетүүнүн акыркы күнү 1-июнь болуп бекитилсин. Жайлоодон көчүп келүү 1-октябрдан башталсын.
2. Айдап-себүү, мал багуу, сугат суу жана таза суу акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Жерди айдоо, мала жана себүүнү кошкондо 1 га жерге 50 литр солярка 2700 сом;
- Картошка себүү – 1га жерге 4000сом, 20л солярка;
- 1га жерди сугарууга – 100-150 сом, огороддук участокторду сугаруу – 50-100 сом;
- Бодо малды багуу – 200-300 сом, кой-эчкини багуу – 40 сом;
- Таза сууну үйүнө киргизүү үчүн кошуу акысы– 1000 сом.
3. Айыл аймагындагы тартип бузуучуларга төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин:
- Айдоо жерлерге мал кирсе ар башына 500 сом, экинчи жолу кайталанса – 1000 сом, кой эчкиге – 200 сом.
- Уруксааты жок таза сууну кошуп алгандарга – 5000 сом;
- Уруксааты жок сугат сууну жыгып алгандарга – 5000 сом;
- Эгин айдайм деп суу алып, айдабагандарга – 3000 сом;
- Жайлоодон эрте көчүп келген чабандарга – 10 000 сом;
4. Тартип бузуучулардан айып пулдарын өндүрүү боюнча талаш-тартыш маселелерин чечүү айыл аймагынын бузуулар боюнча комиссиясы, айылдык аксакалдар соттору жана участкалык инспектор аркылуу ишке ашырылсын.
5. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлдөө жагы агрокомитеттин төрагасы А.Алымбаевге тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Э. Саалиев |