Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № 240
«Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 801, № 805, № 807 контурундагы 5 га ( беш га) АЖМФ жерлери категориясынан калкттуу конуштар категориясына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Кандава жолунун боюнан № 299 , № 301 контурундагы 1, 2 га ( бир бүтүн ондон эки га ) жерлери жайыт жери категориясынан калкттуу конуштар категориясына өткөрүүгө макулдук берилсин.
3. Кара-Кулжа жолунун боюнан № 835, № 1018, № 1013 контурундагы 12, 2 га ( он эки бүтүн ондон эки га) жерлери жайыт жери категориясынан калкттуу конуштар категориясына өткөрүүгө макулдук берилсин.
4. № 325, № 322. № 381, № 380 контурундагы 8, 2 га ( сегиз бүтүн ондон эки га) жерлери тыт плантациясы категориясынан калкттуу конуштар категориясына өткөрүүгө макулдук берилсин.
5. Контурун изилдеп, тактоо, мыйзамдуулугун карап чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |