Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № 242
Айыл, жер,суу чарба, өнөр жай,курулуш,транспорт,байланыш,энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 91 «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде малдарды, жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө, Кандава жолундагы Жар-Чектен 10 сотых жерди муниципалдык менчик раскол куруп, убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Контурун изилдеп, тактоо, мыйзамдуулугун карап чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |