Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-июну № 244
Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мырза-Аке Тазалык» ишканасынын таштанды аянтын көзөмөлгө алуу үчүн, таштанды төгүлгөн жердин четинен 2 (эки) сотых жерди убактылуу пайдаланууга, муниципалдык менчик кароолкана салууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Контурун изилдеп, тактоо, мыйзамдуулугун карап чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |