МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 245
Бабыр айылынын эски суу өтүүчү лотогун алмаштырууга СПА ишканасынан каражат бөлүүгө макулдук берүү
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү «Түштүк Алтын –Булак» СПАсы, Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү «Алтын Көл Бахмал» СПАлары биргеликте «Агахан» фондусу менен 50 лоток, 20 (жыйырма) метр 600 % труба коюуга үлүштүк каражат үчүн, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн «Түштүк Алтын –Булак» СПАсынан каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Үлүштүк каражаттын мыйзамдуулугун, үлүштүк каражаттын өлчөмүн тактоо, көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кимсанов |