Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/1
Кара –Кулжа айылдык Кеңешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 14.02.2019-жыл № 2 протоколдук чечимин жана Кара-Кулжа айылындагы райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (СЭС) борборунун эмгек жааматынын 02.02.2019-жылдагы № 2 “Райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Бусурманкулов Бурканбек Бусурманкуловичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылындагы райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө (СЭС) борборунун эмгек жааматынын 02.02.2019-жылдагы № 2 “Райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна Бусурманкулов Бурканбек Бусурманкуловичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2. Кара-Кулжа райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна (маркум) Бусурманкулов Бурканбек Бусурманкуловичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Бусурманкулов Бурканбек Бусурманкулович атындагы райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун имаратына демөөрчүлүк көрсөтүү жана муктаждыктарына көмөк көрсөтүү жагы А. Бусурманкуловго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Кадыровго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |