Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/5
Айылдык кеңешинин 18.10. 2018-жыл № 11/ 13 “Айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курамды бекитүү жөнүндөгү” токтомунун аткарылышы жөнүндө айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комитеттинин төрагасы Аматбек уулу Сүймөнкулдун маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңешинин 18.10. 2018-жыл № 11/ 13 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курамды бекитүү жөнүндөгү” токтомунун аткарылышы боюнча, айыл өкмөтүнүн
сатып алуулардын ачыктыгын, айкындуулугун, маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулардын талаптарын аткарбаган жоопкерчилиги чектелген ишканаларды “Кара тизмеге” киргизүүгө сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн сатып алуулар бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин 18.10. 2018-жыл № 11/ 13 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курамды бекитүү жөнүндөгү” токтомунда бекитилген депутаттык жумушчу курам айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүүнүн жыйынтыктары менен толук маалыматты айылдык кенештин сессиясына сунуштоо жагы тапшырылсын.
4. Жергиликтүү бюджеттин акча каражатын максаттуу иштетилишин жана “Жергене” таштанды төөгүүчү жайдын (полигон) түштүк тарабындагы тосмо курулушун бүткөрүүнү камсыздабагандыгы үчүн “Зайтун” ЖЧКнун директору К.Абдыкасымовадан финансалык чыгымдарды кайтаруу жагы райондук прокуратурага сунушталсын.
5. Кара-Кулжа айыл аймагында жайгашкан 1-Май айылындагы “Сейил” бала бакчасын капиталдык ондоо иштерин толук аткарбагандыгы жана эки тараптуу түзүлгөн келишимде белгиленген талаптарды аткарылышын камсыздабагандыгы үчүн “Строй сервис Строим” ЖЧК нун директору Баттаев Бактыбек Адыловичтен жергиликтүү бюджетке келтирилген финансалык чыгымдарды кайтаруу жагы райондук прокуратурага сунушталсын.
6. Бүгүнкү күнгө чейин мөөнөтүн өткөрүп келишимде белгиленген ишти бүтүрбөй же толук аткарбаган жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) жоопкерчилигин карап мыйзамга ылайык чечип берүү жагы райондук прокуратурага сунушталсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Б. Саипов |