Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/6
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы жана 2019-жылга бюджети жөнүндөгү ЖПБ төрагасы А.Жумабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2019-жылга бюджетинин киреше 715.200 сомго, чыгаша бөлүгү 715.200 сомго бекитилсин.
3. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен айыл өкмөтүнүн эсебине чегерилип түшкөн акча каражатынын 2/3 бөлүгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин банктагы эсеп счетуна которуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Исраиловго калтырылсын.
Төрага | Б. Саипов |