Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору Абдилкадыр уулу Биймырзанын “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы жана 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишкананын 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 3.790.000 сомго жана чыгаша бөлүгү 3.790.000 сомго бекитилсин.
3. “Кара-Кулжа Таза- Суу” муниципалдык ишканасынын (МИ) штаттык бирдигин төмөнкү курамы жана эмгек акыларынын өлчөмү бекитилсин :-
1. “Кара-Кулжа Таза- Суу ” муниципалдык ишканасынын директору 1-штат, эмгек акы 13.000 сом
2. “Кара-Кулжа Таза- Суу ” муниципалдык ишканасынын бухгалтери 1-штат, эмгек акы 11.000 сом
3. Контролер - 4 (төрт) штат, эмгек акы ар бир штат бирдигине 5.000 сом
4.Күзөтчү - 6 (алты) штат, эмгек акы ар бир штат бирдигине 3.916 сом
5. Сантехник - 3 (үч) штат, эмгек акы ар бир штат бирдигине 9.000 сом
6. Эксковаторщик- айдоочу - 1 (бир) штат, эмгек акы 9.000 сом
7. Ширетүүчү -1 (бир) штат, эмгек акы 10.500 сом
4. Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткаруу жагы “Кара-Кулжа Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору Абдилкадыр уулу Биймырзага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |