Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/8
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору Б.Караевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 3.910.000 сомго жана чыгаша бөлүгү 3.910.000 сомго бекитилсин.
3. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) штаттык бирдиги, эмгек акыларынын өлчөмү төмөнкүдөй бекитилсин :-
1. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) директору 1-штат, эмгек акысынын өлчөмү 13.000 сом
2.“Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу менеджменти, 1-штат, эмгек акысынын өлчөмү 11.000 сом
3. “Кара-Кулжа -Тазалык” муниципалдык ишканасынын (МИ) бухгалтери, 1-штат, эмгек акысынын өлчөмү 11.000 сом
4. Контролер - 3 (үч) штат, эмгек акысынын өлчөмү 10.000 сом
5. Авто-унаа айдоочулар - 1 (бир) штат сүрүүчү (погрузчик) эмгек акысынын өлчөмү 6.000 сом
6. Авто-унаа айдоочулар - 2 (эки) штат айдоочу, тракторист, эмгек акысынын өлчөмдөрү 7.000 сомдон.
7. Жумушчу - 4 (төрт) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 7.000 сомдон.
8. Күзөтчү - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 6.000 сомдон.
9. Күзөтчү эс алуу багы - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 4.800 сомдон.
10. Бөлмө жыйноочу (тех.персонал) –1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 3.000 сомдон.
11. Күзөтчү стадион - 1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 3.000 сомдон.
12. Электрик -1 (бир) штат, эмгек акысынын өлчөмү 6.000 сомдон.
13. Көчө тазалоочу- 2 (эки) штат, эмгек акысынын өлчөмдөрү 3.000 сомдон.
4. Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткаруу жагы “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Б.Караевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |