Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/9
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып жана жана айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 29-январь 2019-жылдагы № 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджети 2018-жылга кирешеси 34.146.200 (отуз төрт миллион бир жүз кырк алты миң эки жүз) сомду түзгөндүгү, айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы калдык 16.944.500 (он алты миллион тогуз жүз кырк төрт миң беш жүз) сом акча каражаты болуп жалпысынан 51.043.524 (элүү бир миллион кырк үч миң беш жүз жыйырма төрт) сомго аткарылгандыгы жана 68178 (алтымыш сегиз миң бир жүз жетимиш сегиз) сом акча каражаты 2019-жылга калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.
3. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн ачыктык, айкындуулук, натыйжалуулук принциптери жөнүндө айыл өкмөтүндө маалымат бурчтарын уюштууру, бюджеттин диограммалык, графикалык жана таблицалык көрсөткүчтөр менен жабдуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын 29.04.2002-жыл № 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндөгү” мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткарууну камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |