Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/10
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын № 50 “Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесинин 2 “ Айыл кеңешине жергиликтүү бюджетинин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана муниципалдык менчикти пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берүү жөнүндөгү” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевдин 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевдин 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге:-
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарууда Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткарууга алсын.
- Кыргыз Республикасынын “Сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарын аткарууга алып, сатып алуулар жөнүндөгү келишимдерди сапаттуу түзүүнү камсыздасын;
- сатып алуулар бөлүмүнүн жоопкерчилигин көтөрүү, квалификациясын жогорулатуу үчүн окуулардан өтүүнү уюштурсун;
- суу пайдалануучулар бирикмесинин (СПА) ишин жандандырып, сугат суу менен камсыздоону уюштурсун;
- жаз алды менен ички чарба аралык канал-арыктарды казууну көчө бойлорун тазалоону, бак-дарактарды эгүүнү, санитардык тазалоону, ошондой эле таштандыларды, акыр-чикирлерди тазалоону уюштурсун.
- калкты сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыздап, суу төлөмдөрүн өз убагында төлөөнү уюштурсун;
- айыл өкмөтүндө курулуш жана капиталдык ондоо иштерине кошумча иштерге акча каражатын бөлүп берүүнү Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүү сунушталсын;
- “Бирдиктуу терезе” көп функционалдуу калкка кызмат көрсөтүү борборунун ишин жакшыртсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Б. Саипов |