Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/12
Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарган ишинин абалы жана 2019-жылга бюджети жөнүндөгү ЖПБ төрагасы А.Жумабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жылы пайдаланууга берилген мончо (купка) жана кыркым (стрижка) кызмат көрсөтүү тарифи ар бир кой, эчкиге мончого - 30 (отуз) сом жана кыркымга 40 (кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мончону (купка) жана кыркымды (стрижка) максаттуу колдонуу жана пайдалануу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасынын орун басары С.Рустамбековго жүктөлсүн.
3. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин HOVO автосамосвалынын 1 маш- саат ишине кеткен чыгымдын эсеби 2294.6 (эки миң эки жүз токсон тѳрт сом алтымыш тыйын) сомго бекитилсин.
4. Жайыт пайдалануу акылары жарымы жаз мезгилинде, жарымы күз мезгилинде үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына кечиктирилбестен төлөнсүн.
5. Жайытка көчүп кетүү мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15- майга, көчүп келүү 10-сентябрга белгиленсин.
6. Токой чарбасына чыккан жайыт пайдалануучулар жайыт акысын, токой чарбасы жана жайыт комитети менен келишим түзүп, жайыт акысын Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жыйнап, келишимдин талаптарына ылайык токой чарбасына которуп беришсин.
7. Жайыт билети жок жайлоого чыккандар жана жайытка көчүп кетүү, көчүп келүү мөөнөтүн бузгандар Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин негизинде айып тартышат.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Исраиловго калтырылсын.
Төрага | Б. Саипов |