Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/13
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 -беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүн, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” кодексинин 76-беренесинин 1, 2 бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-беренесинин 1, 2 бөлүктөрүн жетекчиликке алып жана 30-май 2018-жылда Б.А.Сарыбаев менен Э.Н.Алиевдин ортосунда түзүлгөн Тартуулоо келишиминин негизинде Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы 1-Май айылынын Ж.Акматалиев атындагы көчөсүндө жайгашкан (идент. коду 5-03-05-1003-1596) 364.50 м.кв жер аянты Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Жер аянтынын документтерин жана жер аянтына укук берүүчү документтерин даярдоо жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кенешинин агрардык, азык- түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер, жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Жаанбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |