Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 14/14
Биймырза айылынын батыш тарабында Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылы (үлүш) жерлерди алып кетип жаткандыгы жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Н.Казакбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара -Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышынын 15-декабрь 2017-жылдагы № 5\ 9 “Биймырза айылынын батыш тарабында Кара -Кулжа дарыясынан айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди коргоо үчүн 200 (эки жүз) метр дамба курууга уруксат берүү жөнүндөгү” токтомуна толуктоолор киргизилсин.
2. Биймырза айылынын батыш тарабында жайгашкан айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди жана турак үйлөрдү Кара -Кулжа дарыясынын ташкынынан коргоо үчүн кошумча 500 (беш жүз) метр дамба курууга уруксат берилсин.
3. Биймырза айылынын батыш тарабындагы айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди жана турак үйлөрдү Кара -Кулжа дарыясынын ташкынынан коргоо үчүн жалпысынан 700 (жети жүз) метр дамба куруу жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлигинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жаанбаевге жуктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |